Адамдын жан дүйнөсү ыйман-ишеним, адеп-ахлак жана илим-билим сыяктуу асыл баалулуктарга муктаж эмеспи. Кызыгы ошол асыл баалулуктарды адамдарга адамдын өздөрүнөн чыккан чыгаандары өрнөк болуп үйрөтүп, кемтиктерди толуктап турат экен. Алла Тааланын элчиси: " аалымдар – пайгамбарлардын мурасчылары" -, деп даана белгилеп айтып, бизге ыйык мурас сөз калтырбады беле.
댓글